Садыр Жапаров Лаостун лидери менен тарыхый жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана “ШКУ+” форматындагы жолугушууга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын мамлекет башчысы Тхонглун Сисулит менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары бул жолугушуу кыргыз-лаос мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Садыр Жапаров бул жолугушуу өзгөчө тарыхый мааниге ээ экенине токтолуп, Кыргызстан менен Лаостун ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки эки мамлекеттин башчыларынын биринчи жолугушуусу болуп жатканын айтты.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери менен алакаларды чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстан Лаос менен эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдарлыгын билдирди.
Тараптар ар кандай деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга жана кыргыз-лаос кызматташтыгынын бекем пайдубалын түптөө үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө даяр экендиктерин айтышты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















