Спикер ага Ташиев жана Шакиев тарабынан кысым болгонун айтты (видео)
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналист Али Токтакуновго берген маегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу тарабынан басым жасалганын айтып берди.
Анын айтымында, былтыр күзүндө өткөн парламенттин шайлоо алдында анын талапкерлигин алдыруу үчүн ар кандай кысымдарга кабылган. Ага талапкерлигин алуу үчүн кызматтык орундар дагы сунушталган.
"Үгүт иштери башталганда эле "сен талапкерлигиңди алып, тандалган талапкерге жардам бер" дешкен. Мен алардын сунуштарын четке каккам. Андыктан мага шайлоо башталганга чейин күндө басымдар болуп жатты. Мен ар бир кыйын учурлардан өтүп жатканда телефонума видео кайрылуу кылып сактап, аны жубайыма жөнөтүп жаттым. Ага "эгер мени кармашса, анда ушуларды президентке жеткирип кой" дегем", - деди Маматалиев.
Парламент төрагасы ошондой эле депутат болуп шайлангандан кийин дагы кысымдар болуп, анын кабинетин тартып алышканын, тармактык комитеттин мүчөлүгүнө кошушпаганын билдирди.
Спикер ага Ташиев жана Шакиев тарабынан кысым болгонун айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















