Ооганстан АКШга өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштады
Ооганстан АКШга өлкөдөгү кен байлыктарды иштетүү тармагына инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштап жатат. Кабул муну санкцияларды алып салуу жана тоңдурулган активдерди бошотуу максатында жасоодо. Бул тууралуу Financial Times гезити бүгүн, 31-августта Ооганстандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттакиге шилтеме берип жазды.
Муттакинин айтымында, Ооганстан АКШнын пайдалуу кендерди казып алуу, инфраструктура, айыл чарба жана соода тармактарына инвестиция салуусуна «эч шексиз» кызыкдар.
«Ооганстан менен АКШнын мамилесин акыркы 20 жылдагы согуштун призмасы аркылуу эмес, келечектеги кызматташтыктын негизинде баалоо керек», - деди министр.
Анын белгилешинче, өлкөнүн экономикалык саясаты чет элдик инвестициялар үчүн ачык.
Маалыматка караганда, геологиялык изилдөөлөр Ооганстандын жеринде болжол менен 1 триллион долларга бааланган пайдалуу кендердин запасы бар экенин көрсөтөт. Алардын арасында жез, темир рудасы, ниобий, кобальт, алтын жана литий сыяктуу кендер бар.
Муттаки кен казуу тармагына инвестиция тартуу боюнча сунуш түздөн-түз АКШнын Ак үйүнө берилген-берилбегенин тактаган эмес.
Ооганстан акыркы жылдары дипломатиялык обочолонуудан акырындап чыга баштаган. 2025-жылдын июль айында Орусия «Ооганстандын Ислам Эмиратын» расмий тааныган дүйнөдөгү биринчи өлкө болгон.
Ошол эле учурда АКШ жана Европа Биримдиги талибдердин өкмөтү менен расмий дипломатиялык мамиле түзүүдөн баш тартып келет.
Кабул санкциялардын алынышы жана чет өлкөлөрдө тоңдурулган активдердин бошотулушу үчүн дипломатиялык аракеттерди күчөтүүдө. Ооганстандын Борбордук банкынын баалоосуна ылайык, өлкөнүн сыртта 9,5 миллиард долларлык резерви бар. Анын ичинен болжол менен 7 миллиард доллары АКШда тоңдурулган.
Муттакинин айтымында, санкциялар күтүлгөн максаттарга жеткен жок. Ал ошондой эле Ооган элинин активдери саясий басым көрсөтүүнүн куралы катары колдонулбашы керектигин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















