Иран Перс булуңуна мунай заттарын төккөн кемени кармады
Ирандын укук коргоо органдары Перс булуңунда деңизге мунай заттарын төгүп жаткан жүк ташуучу кемени кармашты. Бул тууралуу Хормозган провинциясынын Порттор жана деңиз транспорту башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Исмаил Макизаде бүгүн, 31-августта журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Бендер-Аббас портунун кемелер токтоочу аймагында мунай заттары деңизге төгүлүп жатканын күбөлөр видеого тартып алышкан. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин адистер жана тазалоочу топтор жөнөтүлүп, мыйзам бузган кеме кармалган.
Кармалган кеме кант ташып бара жаткан кургак жүк ташуучу кеме болгон. Макизаденин маалыматына караганда, кеменин машина бөлүгүндөгү техникалык мүчүлүштүктөн улам иштетилген май, кеменин трюмдарынан чыккан агынды суу жана өндүрүштүк калдыктар деңизге түз төгүлгөн.
Мунай заттары деңиздин бир нече чакан бөлүгүнө жайылган. Бирок тазалоочу топтор булганган аймактарды өз убагында чектеп, төгүндүлөрдү толугу менен тазалап салышкан.
Буга чейин социалдык тармактарда өтүп бара жаткан кайыктагы жүргүнчүлөр тарткан видео тараган. Кадрларда кемеден мотор майы деңизге төгүлүп жатканы көрүнүп, күбөлөр Перс булуңунун булганышына тынчсыздануусун билдиришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















