Индиянын премьер-министри Бишкекте Махатма Гандинин эстелигине гүл койду
Бүгүн, 31-августта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Бишкек шаарындагы Махатма Гандинин эстелигине гүл койду. Бул тууралуу премьер-министр соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Бүгүн эртең менен Бишкек шаарында Махатма Гандинин эстелигине барып, анын элесине таазим кылдым. Гандинин ойлору биздин аң-сезимибизге ар дайым теңдешсиз таасир тийгизет", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, Нарендра Моди кечээ, 30-августта Кыргызстанга жумуш сапары менен келген. Бүгүн, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















