Кыргызстан менен Вьетнамдын укук коргоо органдары кызматташтыкты талкуулады
Кыргызстандын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков Вьетнамдын коомдук коопсуздук министринин орун басары Данг Хонг Дык менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча актуалдуу багыттар боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ведомстволор аралык өнөктөштүктү бекемдөөнүн, тажрыйба алмашуунун жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар укук коргоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















