Си Цзиньпин Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпайт
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкекте өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпай турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, буга Кытайдын Тибет автономиялуу районунда адам курмандыктарына жана адамдардын дайынсыз жоголушуна алып келген табигый кырсык себеп болгон.
Ушуга байланыштуу Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ачылыш аземине катыша албай турганын билдирген.
Кыргыз тарап Кытайда түзүлгөн оор кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле дайынсыз жоголгондордун аман-эсен табылышын жана издөө-куткаруу иштеринин ийгиликтүү аякташын каалады.
Ошол эле учурда Си Цзиньпиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагындагы эки тараптуу жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр бекитилген программага ылайык улантылары белгиленди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















