Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна арналган атайын чоку пайда болот
"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан, бийиктиги 4050 метрди түзгөн чоку "Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу" деп аталат.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, географиялык аталыш берүү тууралуу жарлыкка бүгүн, 1-сентябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Бул чечим ШКУнун түзүлгөнүнө 25 жыл толгонуна жана 2026-жылы уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Кыргызстанда өткөрүлүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Эми Министрлер кабинети тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















