super.kg logo

Путин БУУнун ишине баа берди

 

Орусиянын президенти Владимир Путин ШКУ+ форматындагы жолугушууда БУУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн күч-аракет жумшоого чакырды.

Анын айтымында, БУУнун потенциалы толук ачыла элек. Уюмдун органдарындагы, анын ичинде Коопсуздук кеңешиндеги өкүлчүлүктү Глобалдык Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрүнүн эсебинен кеңейтүү зарыл.

БУУнун потенциалы толук ачыла элек. Уюмду өзгөрүп жаткан шарттарга, дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы түп-тамырынан бери болуп жаткан өзгөрүүлөргө ылайыкташтыруу үчүн күч-аракет жумшоо маанилүү”,- деди Путин.

Орусияны БУУнун ишинин айрым аспектилери толук канааттандырбай турганын белгилеген Путин бул абал дайыма эле болуп келгенин айтты. Ошол эле учурда БУУ кызыкчылыктарды макулдаштыруунун негизги механизми, ал эми анын Уставы эл аралык укуктун негизги булагы бойдон калууга тийиш экенин баса белгиледи.

БУУга дүйнөлүк иштерде борбордук роль таандык жана келечекте да таандык болушу керек”,- деди Орусиянын президенти.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкекте өтүп жатат. Путиндин жалпы тогуз эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Алардын төртөө кечээ өтүп, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери менен жолугушуулар болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: