Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин жогорку деңгээлин белгилешти. Эки өлкөнүн кызматташтыгы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделип, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда активдүү өнүгүп жатканы айтылды.
Ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, билим берүү, саламаттык сактоо, аскердик-техникалык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин ырасташты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















