Садыр Жапаров менен Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты
Кечээ, 1-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга иш сапар менен келген Орусиянын лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Президенттин администрациясы кабаралагандай, тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана гуманитардык тармактарындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Садыр Жапаров Орусиянын президентине Бишкек ШКУ саммитине катышкандыгы жана Кыргызстандын уюмга төрагалык кылган мезгилиндеги артыкчылыктарын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстан ШКУ саммитин даярдоо жана өткөрүү боюнча чоң иштерди аткарганын айтып, өлкөнүн төрагалыгынын жыйынтыктарын баса белгиледи.
Садыр Жапаров Орусиянын президентине Бишкек ШКУ саммитине катышкандыгы жана Кыргызстандын уюмга төрагалык кылган мезгилиндеги артыкчылыктарын колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Владимир Путин Кыргызстан ШКУ саммитин даярдоо жана өткөрүү боюнча чоң иштерди аткарганын айтып, өлкөнүн төрагалыгынын жыйынтыктарын баса белгиледи.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин да талкуулап, аймактар аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле билим берүү жана орус тилин колдоо жаатындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевге кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевге кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшырды. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















