Непалда суу ташкынынан каза болгондордун саны миңден ашты
Непалдагы катуу селден каза болгондордун саны 1056 адамга жетти. Бул тууралуу 1-сентябрда Кытайдын Борбордук телеканалы (CCTV) Непалдын полициясына таянып билдирди.
"1-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00гө карата Непалдагы кырсыктан каза болгондордун саны 1056 адамды түздү",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле табигый кырсыктан жабыркаган бардык аймактар кийинки үч айга кырсык болгон аймак деп жарыяланары айтылды. Бул чечим ресурстарды туура бөлүштүрүү үчүн кабыл алынат.
Эске салсак, 26-августта Непалда катуу суу ташкыны болуп, Непал менен Тибеттин чек ара аймактарына олуттуу зыян келтирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















