super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри эки тараптуу 16 документке кол коюшту

 
Бүгүн, 2-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф менен эки тараптуу 16 документке кол койду.
Президенттин администрациясы маалымдагандай, кол коюлган документтер саясий, соода-экономикалык, укук коргоо жана гуманитардык тармактарда кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчылары төмөнкү документтер менен алмашуу аземи болуп өттү:
- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин биргелешкен билдирүүсү;
- Кыргызстан менен Пакистандын өкмөтүнүн ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим;
- Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын министрлер кабинети менен Пакистан өкмөтүнүн ортосундагы транзиттик соода жөнүндө макулдашуу;
- 2026-2027-жылдарга Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен Пакистандын тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;
- Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистандын климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын агартуу министрлиги менен Пакистандын федералдык билим берүү жана кесиптик даярдоо министрлигинин ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын президентине караштуу виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиги менен Пакистандын виртуалдык активдерди жөнгө салуу органынын ортосундагы виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Пакистан өкмөтүнүн илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасы менен Пакистандын соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистандын Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңешинин ортосунда медициналык билим берүү жаатында кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын ички иштер министрлиги менен Пакистан өкмөтүнүн ички иштер жана баңгизаттарды көзөмөлдөө министрлигинин ортосунда баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана ага байланыштуу маселелер боюнча кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- Кыргызстандын президентине караштуу стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Пакистандын Исламабаддагы стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын президентине караштуу стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Пакистандын улуттук коргоо университетинин ортосундагы илимий изилдөө жана кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Ош шаары менен Пакистандын Лахор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндөгү келишим;
- "Кыргыз почтасы" ААКсы менен "Пакистан почтасы" ортосундагы почта кызматтары жана электрондук коммерция чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө эки тараптуу ниет жөнүндө макулдашуу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: