super.kg logo

Тибетте сел жүрүп, каза болгондордун саны 21ге жетти, 541 адам дайынсыз болууда

 

Кытайдын Тибет автономдуу районунда сел жүрүп, каза болгондордун саны 21ге жетти. Дагы 541 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсү жергиликтүү бийликке таянып билдирди.

Буга чейин 16 адам каза болуп, 546 адам дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 2-сентябрда саат 12:00гө карата табигый кырсыктан 21 адам каза болуп, 541 адам дайынсыз деп катталган.

Окуя 26-августта Кытай менен Непалдын чек арасындагы Гьиронг (Цзилун) өткөрмө бекетинин аймагында болгон. Тибет автономдуу районунда катуу сел жүрүп, Непалдын түндүгүндө суу ташкыны катталган.

Селдин күчтүү агымына Тибет тоолорунда агып өткөн Бхоте-Коси дарыясындагы суунун деңгээлинин кескин көтөрүлүшү себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: