super.kg logo
  Саясат  

5000 сомдук жардам: Президенттин атынан тараган маалымат жалган

 

Социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарына Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Садыр Жапаровдун атынан 5000 сомдон акчалай жардам берилери тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, президенттин атынан мындай төлөм жарыяланган эмес. Маалыматта көрсөтүлгөн шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт.

"Бул мамлекет башчысынын атын пайдаланып пайда көрүү максатын көздөгөндөрдүн аракети. Мамлекет башчысынын атынан мындай төлөмдөр жарыяланган эмес. Текстти коштогон шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт. Бул ресурс боюнча тийиштүү органдар иш алып барууда",- деп белгиледи билдирүүсүндө Алагөзов.

Жарандарга жалган маалыматтарга ишенбөө жана белгисиз, шектүү шилтемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизбөө эскертилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: