Зеленский: "Айрым эл аралык авиакомпаниялар Орусияга каттамдарын токтото башташты"
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, айрым эл аралык авиакомпаниялар Орусиянын аэропортторуна каттамдарды аткаруудан баш тарта башташты. Бирок ал кайсы авиакомпаниялар экенин так атабагандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.
Зеленскийдин билдирүүсүнө караганда, Украина Орусиянын аба мейкиндигиндеги дрондорго байланыштуу коркунуч тууралуу эл аралык уюмдарга жана өнөктөштөрүнө расмий маалымат берген.
Ошол эле учурда Pegasus жана Turkish Airlines авиакомпаниялары Түркия менен Москванын ортосундагы айрым каттамдарын токтоткону маалымдалды. Pegasus 2-сентябрга караган түнү Орусияга пландалган каттамдар "техникалык жана операциялык себептерден улам" аткарылбай калганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















