Конгодо эбола вирусунан каза болгондордун саны 3 миңден ашты
Конгодо эбола вирусунун жаңы очогунан каза болгондордун саны 3007 адамга жетти. Өлкө боюнча өлүм көрсөткүчү 48,6 пайызды түзгөндүгүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, 1,4 миңден ашуун бейтап айыгып чыкса, дагы 830 адам ооруканада дарыланууда.
Вирус өлкөнүн алты провинциясында жайылууда. Алардын арасында эпидемия башталган Итури провинциясы да бар. Акыркы суткада бул аймакта 49 жаңы учур катталды.
Эболага каршы күрөшүү үчүн Конгодо "Ervebo" вакцинасы менен эмдөө кампаниясы жүрүп жатат. Эпидемия расмий түрдө 15-майда Итуриде жарыяланган. Кийин вирус башка аймактарга, анын ичинде коңшу Угандага да тараган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул очок эболанын тарыхындагы эң тез күчөп жаткан эпидемиялардын бири экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















