Дүйнөдө канча миллиардер бар?
Жеке капиталды изилдөө Altrata компаниясынын маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө долларлык миллиардерлердин саны былтыр 8,2 пайызга көбөйүп, рекорддук сан 3795ке жеткен.
Бул өсүү темпи беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Компаниянын отчётуна ылайык, дүйнө жүзүндөгү миллиардерлердин жалпы байлыгы 12,8 пайызга көбөйүп, рекорддук 15,1 триллион долларга жеткен.
Дүйнө жүзү боюнча 29 өтө бай адам бар (таза байлыгы 50 миллиард доллардан ашык). Алардын жалпы байлыгы болжол менен 4,1 триллион долларды же миллиардерлердин жалпы байлыгынын 27 пайызын түзөт. Салыштырмалуу, 2017-жылы болгону 10 өтө бай адам болгон, бул дүйнөдөгү миллиардерлердин байлыгынын 7,2 пайызын түзгөн.
Altrata компаниясынын маалыматтарына ылайык, Түндүк Америкадагы миллиардерлердин саны 2025-жылы 11,6 пайызга өсүп, башка аймактарга караганда көп болгон. Көрсөткүч 1337ге жеткен.
Европада бул сан 7,9 пайызга өсүп, 1081ге, ал эми Азияда 6,5 пайызга өсүп, 881ге жетти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















