АКШ Ормуз кысыгынан бир суткада 40 соода кемесин өткөрдү
АКШ аскерлери Иран менен жаңжал күчөп турган шартта Ормуз кысыгы аркылуу бир суткада 40 коммерциялык кеменин коопсуз өтүшүн камсыздады. Бул жаңжал башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч болгонун CNN өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, америкалык аскерлер шейшемби күнү 40 кемени коштоп, алардын курамында жалпы 18 миллион баррел мунай ташылган.
Операция учурунда АКШ аскерлери кемеге каршы канаттуу ракеталарды атып түшүрүп, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттарга каршы аракеттенген.
CNN белгилегендей, операция ийгиликтүү өткөнү менен, америкалык аткаминерлер жаңжалдын жакын арада чечилишине үмүт арта албай турганын билдиришкен.
Ошол эле учурда энергетикалык компаниялар кемелерди аскердик коштоонун алдында да Ормуз кысыгы аркылуу өткөрүүдөгү чоң тобокелдиктерге тынчсызданууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















