АКШ Германиянын G20 саммитинде Орусия боюнча карманган позициясына нааразычылыгын билдирди
АКШнын расмий өкүлдөрү Германиянын делегациясынын Орусияга карата позициясына байланыштуу Берлинге нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, америкалык чиновниктер Германиянын өкүлдөрү G20 өлкөлөрүнүн каржы министрлеринин ушул аптада өткөн жолугушуусунда Орусияга карата катаал позицияны кармангандан кийин Берлинге нааразычылык билдиришкен.
Атап айтканда, АКШнын каржы министри Скотт Бессент Германиянын каржы министри Ларс Клингбайлдын ачык конфронтациялык позициясына нааразы болгон.
Буга чейин Орусиянын Каржы министрлиги Антон Силуанов менен Скотт Бессент АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Эшвилл шаарында жолугуп, Орусия-АКШнын каржы жаатындагы кызматташтыгын жана «Чоң жыйырмалыктын» (G20) алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулаганын билдирген.
Орусиянын каржы министринин АКШга барышына айрым европалык саясатчылар жана аткаминерлер нааразычылыгын билдиришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















