Орусияда кыргызстандык үй-бүлөнүн 15 жаштагы кызы 7 жылга соттолду
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 15 жаштагы Сайкал Вазирова май куюучу жайды өрттөгөнү үчүн жети жылга түзөтүү абагына кесилди. Өкүмдү Биринчи Батыш аймактык аскер соту 19-августта чыгарганын орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя 2026-жылдын 23-февралында болгон. Сайкал "Татнефт" компаниясына таандык май куюучу жайга өрт койгон. Кыз алгач терроризм беренеси боюнча камакка алынган, кийин ага олуттуу материалдык зыян келтирген террордук акт жасоо боюнча айып тагылды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, кызды белгисиз адамдар телефон аркылуу коркутуп, өрт коюуга мажбурлашкан. "Ротонда" басылмасынын маалыматы боюнча, алар Сайкал менен Telegram-бот аркылуу таанышып, кийин өздөрүн ФСБнын кызматкерлери катары тааныштырып, аны АЗСке барууга көндүрүшкөн. Кыздын адвокаты сотто бул жагдай эске алынбаганын билдирген.
Сайкалдын ата-энеси Кыргызстанда төрөлүп, кийин Санкт-Петербургга көчүп кетишкен. Кыз ата-энесине каржылык жактан жардам берүү үчүн курулушта иштеп жүргөн жана келечекте мугалим болууну кыялданган.
"Медиазона" басылмасы 2026-жылдын март айына карата Орусияда телефон аркылуу алдамчылардын таасиринен улам 300дөн ашык өрт коюу фактысын каттаганын жазган. Мындай иштерге тартылган адамдардын арасында өспүрүмдөр да бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















