Канар аралдарына жетүүгө аракет кылган мигранттар каза болгондугу айтылууда
Африкадагы Гамбиядан Испаниянын Канар аралдарына кайык менен жетүүгө аракет кылган 83 мигрант каза болгондугун чет элдик басылмалар жазышууда. Кайык Атлантика океанында 27 күн бою дрейфте жүрүп, 3-сентябрда Гран-Канария аралынын жээгинен болжол менен 120 чакырым алыстыктан табылган.
Маалыматка караганда, кайыкта башында 127 адам болгон. Куткаруучулар 44 кишини аман алып чыгышкан. Алардын үчөө оор абалда тик учак менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле кайыктан беш адамдын сөөгү табылган, бирок аба ырайынын начардыгынан аларды жээкке алып чыгуу мүмкүн болгон эмес.
Укук коргоочулар аман калгандардын маалыматына таянып, жолдо 83 адам, анын ичинде аялдар жана ымыркай каза болгонун билдиришти. Бул сан азырынча расмий түрдө толук тастыктала элек.
Батыш Африкадан Канар аралдарына чейинки Атлантика багыты дүйнөдөгү эң кооптуу миграциялык жолдордун бири болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















