"Бишкек Аренаны" курууда кеткен чыгым төгүндөлдү
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Бишкек Арена" стадионунун курулушуна 60 миллион доллар сарпталган деген маалымат жалган экенин билдирди.
Ал соцтармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин, учурда курулушка кеткен чыгым эсептелип жатканын белгиледи.
"Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион "60 миллион долларга курулуп бүттү" деп билдирүү жасаган эмес. Мындай масштабдуу объектти 60 миллион долларга арзан куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул сандарды жөн гана пиар кылып жайылтууну токтотууну суранабыз. Дүйнөлүк практикага кайрылсак, дүйнө жүзүндө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 миллион доллардан кем болбойт.
Андан арзан баага салынган мындай объектилерди таба албайсыздар. Биздин стадион, албетте, мынчалык кымбатка турган жок, бирок такталбаган сандар менен коомчулукту адаштырууга жол бербейли. Учурда курулушка кеткен чыгымдарды тактоо максатында атайын комиссия түзүлгөн.
Анын курамына Эсеп палатасы, ИИМ, Прокуратура жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар кирди. Комиссиянын иши болжол менен 1-2 айга созулуп, бардыгын деталдуу карап чыгат жана анын жыйынтыгында курулуштун так, акыркы суммасы коомчулукка ачык жарыяланат", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















