super.kg logo

Айгүл Жапарова Кырчындагы сүрөттөрү менен бөлүштү

 

Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова соцтармактагы баракчасына Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосуна баргандагы сүрөттөрүн жарыялады.

Ал "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасын кыдырып, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышканын белгиледи.
"Өзгөчө салттуу кол өнөрчүлүктү сактап, аны жаңы эмгектер менен улантып келе жаткан чеберлерибиздин аракети кубандырды. Мындай жарманкелер, алардын эмгеги чет элдик коноктордун кызыгуусун арттырууда. Аба ырайынын шарттарына карабастан, Кырчын жайлоосундагы маанай да өзгөчө сонун.
Бул жерде улуттук маданиятыбыз, көк бөрү, ат оюндары, улуттук каада-салттар жана дүйнөнүн төрт бурчунан келген коноктордун кызыгуусу айкалышып, чыныгы майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Көчмөндөр оюндарына катышып жаткан бардык спортчуларга ийгилик каалайм! Кырчындан башталган бул керемет маанай дүйнөгө кыргыздын кең пейилин, бай маданиятын жана улуу көчмөн рухун дагы бир ирет тааныта берсин", - деп жазды Жапарова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: