Кырчындагы этношаарчадан сүрөттөр
1-сентябрдан бери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында келгендерге өзгөчө атмосфера тартууланып жатат.
Айта кетсек, этношаарчанын расмий ачылыш аземи 2-сентябрда өтүп, маданий программалар өтүүдө.
Ал жерде этнобазар, этноашкана иштеп, Бишкек, Ош шаарларынын жана жети дубандын ордосу орнотулган. Анда келген конокторго ар күнү маданий программалар көрсөтүлүүдө.
Бир нече күндөн бери ордолор ортосунда улуттук ашкана, кол өнөрчүлүк, салт-санаа, маданий программалар боюнча жарыш жүрүүдө. Анын жыйынтыгы бүгүн, 5-сентябрда калыстар тобу тарабынан чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.













Маданий программанын аякташына байланыштуу 6-сентябрда этношаарчада санитардык күн жарыяланат. Бул күнү санитардык жана техникалык зарыл иштерди жүргүзүү үчүн аймак конокторго жабык болот.
7-сентябрдан 10-сентябрга чейин этношаарча кайрадан келүүчүлөр үчүн ачылып, ишин улантат. Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна каттаган акысыз шаттл-автобустар 5-сентябрды кошо алганда каттамдарын улантат.
7-сентябрдан тартып акысыз шаттл-автобустар каттабайт. Бул күндөрү келүүчүлөр этношаарчага жеке транспорт каражаттары менен өз алдынча бара алышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















