super.kg logo

Кырчындагы этношаарчадан сүрөттөр

 

1-сентябрдан бери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында келгендерге өзгөчө атмосфера тартууланып жатат.

Айта кетсек, этношаарчанын расмий ачылыш аземи 2-сентябрда өтүп, маданий программалар өтүүдө.

Ал жерде этнобазар, этноашкана иштеп, Бишкек, Ош шаарларынын жана жети дубандын ордосу орнотулган. Анда келген конокторго ар күнү маданий программалар көрсөтүлүүдө.

Бир нече күндөн бери ордолор ортосунда улуттук ашкана, кол өнөрчүлүк, салт-санаа, маданий программалар боюнча жарыш жүрүүдө. Анын жыйынтыгы бүгүн, 5-сентябрда калыстар тобу тарабынан чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Этно-базарда кыргыз элинин улуттук кол өнөрчүлүгү, салттуу буюмдары жана заманбап кол өнөрчүлүк үлгүлөрү сунушталууда. Базарга келген элдин агымы күч. Анын ичинде чет элдик туристтер улуттук буюмдарга кызыгуу артып, сатып алышууда.
Базарга карапа буюмдарды алып чыккан Элдияр Бекмурзаев эмгектер апасына таандык экенин айтат. Айтымында, апасы 13 жылдан бери карапачылык менен алектенет.
"Өзүбүздүн студиябыз бар. Бул жердеги буюмдардын баасы 800 сомдон башталып, 5000 миң сомго чейин жетет. Эл кызгып сатып алышууда", - деди ал.
Ал эми этноашканада кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Келген коноктор бул жайда улуттук жана дүйнөлүк даамдардан ооз тийип, эл аралык ашпозчулардын сынагына күбө болушууда.
“Көчмөндөр ааламы” этно-шаарчасындагы расмий маданий программалар бүгүн, 5-сентябрда жыйынтыкталат.

Маданий программанын аякташына байланыштуу 6-сентябрда этношаарчада санитардык күн жарыяланат. Бул күнү санитардык жана техникалык зарыл иштерди жүргүзүү үчүн аймак конокторго жабык болот.

7-сентябрдан 10-сентябрга чейин этношаарча кайрадан келүүчүлөр үчүн ачылып, ишин улантат. Буга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосуна каттаган акысыз шаттл-автобустар 5-сентябрды кошо алганда каттамдарын улантат.

7-сентябрдан тартып акысыз шаттл-автобустар каттабайт. Бул күндөрү келүүчүлөр этношаарчага жеке транспорт каражаттары менен өз алдынча бара алышат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: