Жаңы травматология борборунун чатыры тик учак коно алгыдай болот
Жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун батыш канаттын чатырында санитардык авиация үчүн тик учак аянтчасы курулат. Ал кырсык болгон жерден бейтаптарды эки сааттын ичинде түздөн-түз борборго жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Президенттин иш башкармалыгы маалымдагандай, жаңы борбор 450–500 койкага ылайыкталган. 2025-жылдын апрель айынан тартып бетон жана кирпич иштеринин негизги көлөмү толугу менен аяктаган. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, инженердик коммуникациялар жана бардык ички системаларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
"Бейтаптар үчүн эки орундуу палаталар жана бардык зарыл шарттар каралган. Имаратка заманбап климаттык көзөмөл системдери жана таза аба берүү технологиясы орнотулат. Ошондой эле борбордун өзүнүн кычкылтек станциясы болот. Комплекс жер төлө жана жети кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты болжол менен 35 миң чарчы метрди түзөт. Архитектуралык жактан имарат Ш түрүндөгү композицияда жайгашкан үч корпустан турат.
Имараттын узундугу болжол менен 120 метр, туурасы 65 метрди түзөт. Бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн 12 лифт каралган. Жер төлө бөлүгүндө 50 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай жайгашат. Мындан тышкары, имаратка жакын аймакта дагы 200гө жакын унаа токтотуучу жай каралган. Ошондой эле бейтаптар сейилдөө үчүн жашылдандырылып, көрктөндүрүлгөн парк зонасы түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Жаңы травматология борборунун чатыры тик учак коно алгыдай болот
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















