Тойдон кийин жоголгон алтындар чыры (видео)
Түркиянын Мугла провинциясынын Милас районунда үч күнгө созулган тойдон кийин баш кошкон түгөйлөрдүн ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
28 жаштагы өзбекстандык Мамура Бурхонова менен Түркиянын жараны Мустафа Атешоглу 19-августта баш кошкон. Үч күн, үч түнгө созулган тойго болжол менен 10 миллион түрк лирасы жумшалган.
3-сентябрда күйөөсү полицияга кайрылып, жубайы үйдөн тойдо тагылган зер буюмдарын, акча жана iPhone 15 телефонун алып кеткенин билдирген. Жоголгон алтындардын баасы болжол менен 5 миллион лира деп айтылган.
Бирок 4-сентябрда Бурхонова өзү полицияга келип, алтындардын негизги бөлүгүн албаганын билдирген. Анын айтымында, ал 20 даана чейрек алтын жана 226 миң лира гана алып кеткен. Калган зер буюмдар кайнатасы Мехмет Атешоглуда экенин айтып, муну тастыктаган кат алышууларды да көрсөткөн.
Ошондой эле келин күйөөсү жана анын ата-энеси коркутуп, кемсинткенин айтып, аларга каршы арыз жазган.
Учурда тараптардын өз ара арыздары боюнча териштирүү жүрүп жатат. Иш прокуратурага өткөрүлөрү күтүлүүдө.
Тойдон кийин жоголгон алтындар чыры
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















