super.kg logo

Ормуз кысыгындагы кырдаал мунай баасын көтөрүүдө

 

Иран бийлиги Ормуз кысыгы деңиз кемелеринин кыймылы үчүн толугу менен жабылганын маалымдады. Бул тууралуу кечээ, 6-сентябрда Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Мохсен Резаи чет өлкөлүк маалымат каражаттарына билдирген.

Ормуз кысыгы дүйнөдөгү эң маанилүү мунай ташуучу деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Дүйнөлүк мунай ташуунун болжол менен 20 пайызы ушул аймак аркылуу өтөт. Акыркы күндөрү кысыктагы кемелердин кыймылы кескин азайып, бул мунай бааларынын өсүшүнө алып келген.

Маалыматтарга ылайык, АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу күчөп, тараптардын кемелерге жана мунай танкерлерине байланыштуу соккулары уланууда. АКШ Ирандын үч мунай танкерине сокку урганын билдирсе, Иран тарап америкалык аскердик объекттерге жооп чараларын көргөн.

Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк энергетика рыногуна басым жаратып, мунайдын баасынын мындан ары өсүү коркунучун күчөтүүдө. Бүгүн, 7-сентябрда Brent мунайынын баасы баррелине 96 доллардан ашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: