Непалда улуттук аза күтүү күнү жарыяланды
Бүгүн, 7-сентябрда Непалда 26-августта болгон суу ташкынынан каза болгондорду эскерүүгө байланыштуу жалпы улуттук аза күтүү күнү жарыяланды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.
Өлкө боюнча мамлекеттик мекемелерде жана чет мамлекеттердеги Непалдын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик туулар жарымына чейин түшүрүлдү.
Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан 1355 адамдын сөөгү табылып, 4996 адам дайынсыз болуп жатат. Куткаруу иштеринин жүрүшүндө 13 миңден ашуун адам аман-эсен чыгарылган.
Дайынсыздардын арасында 589га жакын чет өлкөлүк жаран бар. Учурда куткаруучулар жана тиешелүү кызматтар дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин улантышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















