Садыр Жапаров акыйкатчы менен адам укуктары тууралуу сүйлөштү
Бүгүн, 7-сентябрда президент Садыр Жапаров акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, жарандардын укугун камсыз кылуу жана мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Президент кыйноолор же жарандардын укуктары бузулган учурлар боюнча кайрылууларды толук жана калыс иликтөө зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Садыр Жапаров жарандардын укуктарын коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн колдоого даяр экенин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















