super.kg logo

"75чилердин каты" боюнча сот отуруму 10-сентябрга жылды (видео)

 

Бүгүн, 7-сентябрда "75чилердин каты" боюнча соттук жарыш сөздөр бүгүн аяктаган жок. Отурум 10-сентябрга жылдырылды.

Адвокат Икрамидин Айткуловдун айтымында, дагы үч жактоочу сөз сүйлөй элек.

Кийинки отурумда адвокаттар түшкө чейин сүйлөп, түштөн кийин айыпталуучулардын акыркы сөзү угулат. Андан соң соттун чечим чыгарышы күтүлүүдө.

Жактоочулар соттон айыпталуучуларды кылмыштын курамы жок болгондуктан актоону сурашты. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар айыпталуучулардын баарын 9 жылдан абакка кесүүнү сурады.

Буга чейин Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген. Бул ишти караган прокурорлор да шаардык сотко даттанганы маалымдалган.






"75чилердин каты" боюнча сот отуруму 10-сентябрга жылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: