"75чилердин каты". Курсан Асанов эч бир далил жок экенин билдирди (видео)
Бүгүн, 7-сентябрда "75чилердин каты" боюнча апелляциялык арыздын негизинде каралып жаткан соттук отурум 10-сентябрга жылдырылды.
Айыпталуучулардын бири Курсан Асанов иште өзүнүн күнөөсүн далилдеген эч кандай далил жок экенин белгиледи. Ошондой эле дагы үч жактоочу сөз сүйлөй электигин айтты. Мындан тышкары, мамлекеттик айыптоочулардын соттон 9 жылга эркинен ажыратууну сураганына макул эмес экенин билдирди.
Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту резонанстуу "75чилердин" иши боюнча өкүм чыгарган. Аталган ишке айыпталып жаткан 8 адамдын үчөө, тагыраагы, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы баш прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышып, мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркиндигинен ажыратылышты. Бирок айыпталуучуларга 3 жылдык пробация жазасы чегерилди.
Ошондой эле аталган берене менен Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов дагы күнөөлүү деп табылып, 4 жылга абакка кесилишти. Бирок сот аларды 3 жылга үй камагына чыгарды.
Ал эми "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталышты.
Курсан Асанов
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















