super.kg logo
  Саясат  

51 миң орундуу "Бишкек Аренага" канча каражат сарпталды? Алагөзовдун жообу (видео)

 

"Бишкек Арена" стадиону 386 миллион долларга курулуп бүттү. Мурда айтылган "60 миллион долларга курулду" деген сөз туура эмес. Мындай билдирүүнү бүгүн, 8-сентябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасынан бөлүштү.

Маалыматка караганда, баштапкы долбоордо 30-35 миң адамга ылайыкташкан жөнөкөй стадион куруу пландалган.

"Бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган. Бирок кийин президентибиз Садыр Жапаров баштапкы долбоорду түп-тамырынан бери өзгөртүп: “Кыргыздын боз үйү сымал болсун, ичинде соода борборлору, ресторан-кафелери, супермаркети, кинотеатрлары, спорт залдары жана балдар ойной турган аянтчалары менен курулсун, антпесек бул стадион дагы бюджеттин мойнуна олтурат. Бул стадион келечекте киреше бере турган мекемеге айланыш керек” деп тапшырма берген. Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек. Эгер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй болуп курулуп калса, ал өзүн өзү актабаганы аз келгенсип, бюджеттин эсебинен жыл сайын миллиарддаган каражаттарды стадионду тейлөө үчүн коротууга жана эмгек акыларды төлөп берүүгө туура келет. Ошондуктан 52 миң адамды батыра турган, жогорудагыдай шарттары менен стадион болсун деп долбоорду чоңойткон",- деп билдирди Алагөзов.

Стадиондун жалпы курулуш аянты 194 248 чарчы метрди, ал эми көрүүчүлөр үчүн орундардын саны 51 252ни түзөт. Анын ичинде 48 дүкөн, 1 супермаркет, 23 ресторан, 11 кафе, 4 кинотеатр залы, спорт зал, балдар ойноочу аянтча бар.

Маалыматта стадионду чоңойтуунун дагы бир себеби катары ФИФАнын талаптары айтылат. Дүйнөлүк деңгээлдеги ири мелдештерди өткөрө турган стадион 50 миңден кем эмес көрүүчүгө ылайык болушу керектиги белгиленген. Ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү ири стадиондордун курулушу миллиарддаган долларга жетери мисал катары келтирилген.

"Тилекке каршы, акыркы күндөрү “Биздин стадион 60 миллион долларга курулду, кошуна өлкөлөрдүкү баланчага курулуптур” деп, кошуна өлкөлөрдүн жетекчилеринин аброюна шек келтирген пикирлер чыга баштады. Ошондуктан урматтуу мекендештер, бул сумманы саясатташтырып, кошуна өлкөлөр менен мамилелерди курчутпайлы. Дагы бир айта кете турчу маселе, буга чейин айтылгандай эле президентибиз Эсеп палатасы баш болгон башка органдардан турган комиссия түзүп, тыкыр текшерип чыксын деген тапшырма берди. Курулуш материалдары толук колдонулганбы, эмгек акылар толук берилгенби, акчалар уурдалып кеткен жокпу деген сыяктуу маселелер текшерилип, жыйынтыгы жалпы элге жарыяланат",- деп жыйынтыктады Алагөзов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: