super.kg logo

Жасалма интеллекттин адамзат үчүн кесепеттери айтылды

 

Британ-канадалык окумуштуу Жеффри Хинтон кечээ, 7-сентябрда жасалма интеллектти көзөмөлдөн чыгарып алуу адамзат үчүн катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

"Бизден интеллектуалдык жактан ашып түшкөн жасалма интеллектти көзөмөлдөй албай калуу катастрофалык кесепеттерге, атүгүл адамзаттын жок болуп кетишине алып келиши мүмкүн",- деген Хинтон.

Окумуштуунун айтымында, ал буга чейин жасалма интеллект системдеринде өзүн-өзү аңдоонун белгилери пайда болгонун байкаган. Ошондуктан Хинтон бийликти технологияларды иштеп чыгуучу компанияларга өтө кубаттуу жасалма интеллект системдерин түзүүгө тыюу салууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: