super.kg logo

Оксфорддогу Питт-Риверс музейи Индияга 39 адамдын сөөгүн өткөрүп берет

 

Оксфорд университетинин музейи Британиянын колониялык башкаруусу учурунда Индиянын түндүк-чыгышындагы нага элинин өкүлдөрүнөн алынган 39 адамдын сөөгүн коомчулукка кайтарып берүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Чечим Forum for Naga Reconciliation (FNR) уюмунун репатриация боюнча кайрылуусун университет колдогондон кийин кабыл алынган.

Музейдин директору Лора Ван Брукховен сөөктөрдүн мекенинен алыс жерде өтө узак убакыт болгонун билдирди. Ал эми FNR өкүлдөрү үчүн бул жөн гана сөөктөрдү кайтаруу эмес, ата-бабалардын элесин өз жерине кайра алып келүү экенин белгилешти.

Алгач кайрылууда 40 адамдын сөөгүн кайтаруу өтүнүчү берилген. Бирок алардын биринин нага элине таандык экени ырасталбагандыктан, университет 39 сөөктү кайтарууну жактырган.

Белгилей кетсек, Оксфорддогу Питт-Риверс музейинде нага элине таандык 6 миңден ашуун артефакт сакталат. Буга чейин музей адамдын сөөктөрүн, анын ичинде нага элине таандык олжолук баш сөөктөрдү жана кургатылган баштарды көргөзмөгө койгону үчүн сынга кабылган. 2020-жылы деколонизация программасынын алкагында алар экспозициядан толугу менен алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: