Индонезияда 2018-жылы цунамиге себеп болгон жанар тоо кайрадан атылды
Кечээ, 7-сентябрда Индонезияда Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышы аба каттамдарына олуттуу таасирин тийгизди. Андан атылып чыккан күлдөн улам бир нече аэропорт убактылуу жабылганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, 3 миңге жакын каттам токтотулуп жана кечигип, 341 миңдей жүргүнчүгө таасир эткен. Жалпы сегиз аэропорттун иши убактылуу токтотулган.
Күл 15 миң метр бийиктикке көтөрүлүп, Жакарта жана ага жакын аймактарга тараган. Адистер күл учактардын кыймылдаткычтары үчүн кооптуу экенин эскертишкен.
Бүгүн, 8-сентябрда "Сукарно-Хатта" аэропорту жана дагы төрт аэропорт ишин кайра жандандырды. Бирок бийлик вулкандын активдүүлүгүн дагы деле тыкыр көзөмөлдөп жатат.
Анак-Кракатау Зонд кысыгында, Ява жана Суматра аралдарынын ортосунда жайгашкан. 2018-жылы вулкандын бир бөлүгү урап, цунами жаралып, 400дөн ашуун адам каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















