Парламенттин тармактык комитети Имангазиевди министр кылууга макулдук берди
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети бүгүн, 8-сентябрдагы жыйынында Алмаз Имангазиевди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берди.
Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, талапкерди депутаттарга президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырган.
Жыйынтыгында комитет Имангазиевдин талапкерлигин аталган кызматка дайындоого макулдук берүү үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















