АКШда робот-клининг кызматтары популярдуу болууда
АКШнын Сан-Франциско шаарында үй жыйнаган гуманоид роботтордун кызматын колдонуу популярдуу боло баштады. Кызматка суроо-талап көбөйүп, кардарлар кезекке жазылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Tau Robotics стартапы робот-клининг кызматын саатына 30 долларга сунуштайт. Роботтор чаң сордуруп, таштандыларды чыгарып, буюмдарды иреттеп жана беттерди сүртө алышат.
Азырынча роботтор бир саатка чейин гана иштеп, толук автономдуу эмес. Аларды алыстан оператор башкарат. Ал эми компания келечекте роботтордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өз алдынча иштей турган жана улгайган адамдарга кам көрүүгө жардам бере турган деңгээлге жеткирүүнү пландап жатат.
Роботтордогу эки камера тазалоо учурундагы көрүнүштөрдү тынымсыз жаздырып, кийин аларды роботторду үйрөтүү үчүн колдонушат. Компаниянын купуялуулук саясатына ылайык, жазуулар кардар өчүрүүнү талап кылбаса, мөөнөтсүз сакталат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















