Зимбабве делегациясы Улуттук тарых музейине барды
Кечээ, 8-сентябрда Зимбабве Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык соода министрлигинин туруктуу катчысы Альберт Рангаи Чимбинди баштаган делегация Кыргызстандын Улуттук тарых музейине барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Зимбабвелик делегация музейдеги Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү мезгилдерге арналган экспозициялар менен таанышып, кыргыз элинин материалдык жана руханий маданий мурастары тууралуу маалымат алды.
Конокторго кыргыз элинин көп кылымдык тарыхын, каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырган тарыхый-маданий баалуулуктар көрсөтүлдү.
Экскурсиянын соңунда Альберт Рангаи Чимбинди музейдин Ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырып, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















