Ысык-Көлдө Жети-Өгүз капчыгайынан 2000 жыл мурдагы сөөктөр табылды (сүрөттөр)
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз капчыгайында жол куруу учурунда табылган адамдын сөөктөрү кеминде 2000 жыл мурдагы мезгилге таандык болушу мүмкүн. Бул тууралуу археолог-окумуштуу Кубатбек Табалдиев жеринде маалымат бергенин Мурат Жетимишбаев кечээ, 13-сентябрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Маалыматка ылайык, адистер сөөктөр табылган аймакка барып, анын тарыхый маанисин изилдешкен. Ошондой эле бул жерде бири-бирине жанаша жайгашкан эки чоң коргон бар экени аныкталган.
Кубатбек Табалдиевдин айтымында, коргондорго ошол мезгилдеги коомдо барктуу адамдар же баатырлар коюлган болушу мүмкүн.
Бул аймак Жети-Өгүз жана Тоң райондорунда музейден тышкаркы тарыхый жайларды аныктап, картага түшүрүү жана мамлекеттин коргоосуна алуу долбоорунун алкагында изилденип жатат. Тарыхый жайларга атайын маалыматтык такталар орнотулган.
Археологдор бул жерде келечекте археологиялык казуу иштерин жүргүзүүнү пландап жатышат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















