Антальяда токой өртү эки күндөн бери өчүрүлүүдө (видео)
Түркиянын Анталья шаарындагы Аксу районунун Караөз аймагында чыккан токой өртү эки күндөн бери өчүрүлүүдө. Бул тууралуу 8-сентябрда түркиялык басылмалар жазышты.
Катуу шамалдан улам өрт Дөшемеалты жана Кепез райондорун көздөй жайылган. Өрттү өчүрүүгө миңден ашуун адам, атайын техникалар жана өрт өчүрүүчү унаалар тартылды. Ошондой эле тилсиз жоо учактар жана тик учактар менен өчүрүлүүдө.
Кооптуу аймактан болжол менен 720 адам эвакуацияланып, 2 миңден ашуун үй электр энергиясыз калган.
Антальяда токой өртү эки күндөн бери өчүрүлүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















