Суу каптап... Япониянын Нагоя шаарында рекорддук жаан жаады (видео)
Кечээ, 8-сентябрда Япониянын Нагоя шаарында катуу жаандан улам суу ташкыны коркунучу жаралып, шаарда кооптуулуктун эң жогорку - бешинчи деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Маалым болгондой, бир сааттын ичинде шаарга 104,5 миллиметр жаан-чачын түшүп, бул Нагоя үчүн рекорддук көрсөткүч болгон. Буга чейинки рекорд 2000-жылы катталып, анда бир саатта 97 миллиметр жаан жааган.
Нөшөрдөн улам көчөлөрдү суу каптап, айрым жерлерде суу унаалардын эшигине чейин жеткен. Минато районунда айдоочулар суу каптаган жолдордо унааларын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бийлик тургундарды жер алдындагы өтмөктөргө, унаа токтотуучу жайларга жана соода галереяларына барбоого чакырды.
Алдын ала маалымат боюнча, суу каптаган унаалардагы адамдар өз алдынча чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Азырынча жабыркагандар же суу каптаган жерлерде камалып калгандар тууралуу айтыла элек.
Япониянын Нагоя шаарын рекорддук нөшөр каптады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















