Депутат: "Элдин канын ичкен адвокаттардын лицензиясын алыш керек"
Бүгүн, 9-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов акысы кымбат адвокаттардын лицензиясын алуу керектигин айтты.
Анын айтымында, алардын акысы капчыгы калыңдарга билинбегени менен колунда жокторго оорчулук жаратып жатат.
"Алар тергөө жүрүп жатканда өзүнчө, иш сотко өткөндө да өзүнчө акча алышат экен. Бүгүнкү күндө мындан аябай кыйналган үй-бүлөлөр бар. Жакшы иштебеген, элдин канын ичкен адвокаттардын лицензиясын кайтарып алуу боюнча иш алып барыш керек",- деди эл өкүлү.
Депутат: "Элдин канын ичкен адвокаттардын лицензиясын алыш керек"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















