Алтайда туристке кол салуудан кийин 55 аюу жок кылынды
Орусиянын Алтай Республикасында аюу туристтик базадагы чатырга кол салып, 29 жаштагы кызды токойго сүйрөп кетип өлтүргөн. Бул окуядан кийин аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Орусия басылмаларынын 9-сентябрда билдирген маалыматына ылайык, аймакта аңчылыкка уруксаттар көбөйтүлүп, азыркы тапта 55 аюу жок кылынды. Жаратылыш ресурстары министрлиги аюу атууга 157 лицензия берген. Жалпысынан Алтайда 4,6 миңден ашык күрөң аюу бар экени кабарланат.
Окуяга байланыштуу Онгудай жана Турочак райондорунда жогорулатылган даярдык режими, ал эми Турочак районунда саат 20:00дөн 10:00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Бийлик өкүлдөрү тургундарды жана конокторду этият болууга жана токойлорго барбоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















