Депутат майыптыгы бар жарандардын турак жайы тууралуу маселе көтөрдү
Жогорку Кеңештин 9-сентябрдагы жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу майыптыгы бар жарандарды акысыз турак жай менен камсыз кылуу боюнча маселе көтөрдү.
"Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания I, II топтогу майыптыгы бар жарандарга кезексиз, 25 жылдык мөнөөткө 4 пайыздан берип жатат. Бирок алар кантип 25 жыл төлөмдү төлөп жашай алышат? Мамлекет эң аярлуу катмардагы калкты турак жай менен акысыз камсыз кылышы керек",- деди депутат.
Эл өкүлү бул маселе боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиевге кайрылып, биргеликте иш алып барууну сунуштады.
кошулду
Депутат майыптыгы бар жарандардын турак жайы тууралуу маселе көтөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















