super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 9-сентябрь: Кыргызстандагы эң жаш министр Нурдан Орунтаев 38 жашка чыкты

 

Бүгүн, 9-сентябрда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 38 жашка чыкты.

Аны көпчүлүк талапты катуу койгон, мыйзамсыз курулуштарга каршы кескин күрөштү баштаган жетекчи катары билет. Бирок Нурдан Орунтаев тууралуу көпчүлүк биле бербеген кызыктуу фактылар бар.

1. Ал — куруучунун уулу. Атасы өмүр бою курулуш тармагында эмгектенген. Балким, бүгүн өлкөнүн курулуш тармагын жетектеп жатканынын өзүнчө бир себеби да ушундадыр.

2. Алгачкы айлыгын 8-классында тапкан. Окуудан сырткары курулушта иштеп, кыш коюп акча тапкан.

3. Эгер мамлекеттик кызматкер болбогондо, журналист болмок. Себеби апасы журналист болгон. Журналисттердин суроолорун аябай көңүл бурат...

4. Кесиби боюнча куруучу эмес — тергөөчү. Орусиянын Волгоград шаарындагы ИИМ академиясында билим алган.

5. 16 жылын ички иштер органдарына арнаган. 2006-жылдан 2022-жылга чейин ички иштер системинде кызмат өтөгөн.

6. Мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөштү кескин баштаган жетекчи катары таанылды. Курулуш тармагындагы мыйзам бузууларга каршы принципиалдуу позициясы менен белгилүү.

7. Жумушта — талап катуу, үйдө — жумшак. Курч мүнөзү, түз сүйлөгөнү жана кызматкерлерге жогорку талап койгондугу менен айырмаланат. Бирок үй-бүлөсүнүн арасында жумшак жана камкор адам.

8. 35 жашында министр болгон. 2023-жылдын ноябрында курулуш министри болуп дайындалган.

Орунтаев 1988-жылдын 9-сентябрында Нарын облусунун Кочкор районундагы Туз айылында төрөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: