Президентти робот тосуп алып... Жогорку Кеңеште санариптешкен музей ачылды
Бүгүн, 9-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда парламенттеги санариптешкен заманбап музей менен жаңыланган жыйындар залдары ишке киргизилди.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө башчысын гид-робот тосуп алып, музей тууралуу кеңири маалымат берген. Музей эки бөлүктөн туруп, анын бири кыргыз элинин жана кыргыз парламентинин тарыхына арналган. Ал эми экинчи бөлүгү “Санарип парламент” деп аталып, Жогорку Кеңештин жалпы ишмердүүлүгү, анын ичинен мыйзам чыгаруу иши санариптик форматта чагылдырылган.
Ал эми оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн залдар толугу менен санариптик форматта иш алып барууга ыңгайлаштырылып, каралып жаткан маселеге тиешелүү жетекчилердин, айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн онлайн катышуусуна керектүү шарттар түзүлгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















