Иран менен АКШнын тирешүүсү кайрадан курчуду
Иран менен АКШнын тирешүүсү кайрадан күчөп жатат. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты.
Кечээ, 8-сентябрда АКШ Ирандын 5 мунай ташуучу танкерин жок кылган. Америкалык тарап бул соккуларды Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын аскердик кемесине жасаган ракеталык чабуулдарына жооп катары түшүндүргөн.
Буга жооп катары бүгүн, 9-сентябрда Иран Иорданиядагы АКШ аскерлери колдонгон базага баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Иорданиянын армиясынын маалыматына караганда, өлкөгө багытталган 20 ракетанын 18и абадан тосулуп, экөө эл жашабаган аймактарга түшкөн. Курмандыктар катталган эмес.
Ошол эле учурда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгынан өтүүгө аракет кылган 10 кемеге, анын ичинде мунай ташуучуларга да чабуул жасаганын билдирди.
Мындан тышкары, Иран колдогон хуситтер Сауд Аравиясынын бир катар шаарларына ракета жана дрондор менен чабуул жасаган. Сауд Аравиясында ондогон адам жаракат алып, айрым мунай объектилеринде өрт чыккан.
Аймактагы аскердик чыңалуунун күчөшү мунай рыногуна да таасир этти. 9-сентябрда Brent мунайынын баасы баррелине 100 доллардан ашты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















