Таластык мугалимден, маркум обончуга чейин... Президент "Эмгек баатыры" наамын тапшырды
Бүгүн, 9-сентябрда президент Садыр Жапаров бир катар жарандарга "Эмгек баатыры" наамын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, сыйлыктар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы жана кесиптеги жетишкендиктери үчүн, өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата берилди.
Алар:
- Белгилүү обончу Рысбай Абдыкадыровго (каза болгондон кийин);
- Опера жана балет театрынын башкы директору, композитор Муратбек Бегалиевге;
- Таластагы мектептин кыргыз тили мугалими Бектур Исаковго;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетовго;
- Медициналык академиянын кафедра башчысы Дүйша Кудаяровго.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:33
2026-09-12
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















